Мурунку Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси, мас абалында рулда отурган Марслатбек Шералиевдин иши Талас шаардык сотунда каралды. Сот аны 3 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өз булактарына таянып жазып чыгышты.
Эскерте кетсек, жол кырсыгы 30-июлда саат 17:30 чамасында Талас районунун Көк-Токой айылында болгон. 53 жаштагы Шералиев жол тандабас унааны башкарып бара жатып, жолдун четинде 26 жаштагы велосипедченди сүзүп, андан соң токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзүп алган.
Жаракат алган велосипедчен ооруканага жеткирилген, бирок 31-июль күнү эртең менен алган жаракатынан улам көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ