Menu

Нурбек Тотонов, ЖКнын депутаты: “Айылдык кеңеш депутаттарынан жогорку билимди талап кылсак, коррупцияга жол ачабыз”

Бөлүшүү:

– Кыргызстан Бажы биримдигине киргенине 5 жыл болду. Кандай пайда көрдүк?

– Биримдиктин пайда-зыяны тууралуу сөз кылуута али эрте да. Мен депутат болуп келгенге чейин ишкерчилик кылчумун. Дайыма өз оюмду айтып келгем. Кыргызстан тогуз эшикти жаап, бир эшикти ачтык.

– Мааниси эмне?

– Мааниси: бир топ мамлекеттер менен соода-сатык алакаларыбыз бар эле. Айрымдары менен мурунку бийликтин убагында мамилелер бузулду. Анан эң ири уюмдардын бири Евразия экономикалык биримдигине мүчө болдук. Беш жылдан бери мүчө болуп турган уюмдун «жемишин» тата баштаганы турабыз. Келаткан жылдан тарта унааларга бажы төлөмдөрү эбегейсиз өскөнү жатат. Элдин нааразылыгы күч. Бул боюнча өкмөттөр аралык отурумдар, же мамлекеттик деңгээлде маселе көтөрүлөт (!) деген ишенимдемин.

– «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жогорку билими болушу керек», «кажети жок» дегенге кандай карайсыз?

– Менимче, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан жогорку билим талап кылуунун зарылдыгы жок. Билими болсо жакшы, болбосо «анда ал депутат болбосун» дегенге кошулбайм. Анткени, себептери көп. Бир себеби, алыскы айылдарда бир айыл бир айыл өкмөттү түзгөн жерлер бар. Ошол жерлерде 11 депутат бар. Баарын жогорку билимдүү кылыш өтө оор. Ошондуктан, айыл жеринен, ошол эле малчылардын арасынан, дыйкандардын арасынан чыккан, айыл турмушун түшүнгөн адамдардын укугун тебелебешибиз керек. Эгер алардан жогорку билимди тастыктаган диплом талап кыла турган болсок, ал адам баары бир күнүгө сабакка барып окубайт. Кайра эле коррупцияга жол ачабыз. Анткени, ал сырттан окууга тапшырып, же сабактарын акча менен бүтүрүп, «диплом алыш керек» деген гана максат менен окуйт. Андан кандай адис чыгат? Ошонун бизге кереги барбы? Жок. Бизге айылдардын, айыл өкмөттүн ички шарттарын түшүнгөн адамдар гана жетиштүү.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: