Menu

Француз Сенаты Тоолуу Карабактын эгемендигин таанууга чакырган резолюцияны жактырды

Бөлүшүү:

Франциянын Сенаты өкмөттү Тоолуу Карабактын эгемендигин таанууга чакырган резолюцияны жактырды. Бул тууралуу Эл аралык француз радиосу билдирди.

Сунуш катары эсептелген документти 305 сенатор колдоп, бирөө каршы болду, 30 депутат добуш берген жок.

Беш фракциянын депутаттары биргелешип даярдаган резолюцияда ал «Түркиянын экспансиялык саясатын» эске алуу менен кабыл алынып жатканы жазылган. Тексттин авторлору Анкаранын аракеттерин Жер ортолук деңиздеги, Жакынкы Чыгыштагы жана Закавказьедеги «туруксуздуктун негизги фактору» деп атап, бул Францияга, анын ичинде жалпы Европага коркунуч жаратарын белгилешкен.

Резолюцияда Франция Орусия менен АКШ сыяктуу эле Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча ЕККУнун Минск тобунун теңтөрагасы экени көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу сенаторлор француз өкмөтүнө эл аралык тынчтык орнотуу күчтөрүн түзүүнү сунушташты.

Документте мындан тышкары «Карабактагы аскердик кылмыштар» боюнча эл аралык тергөө жүргүзүү жана жергиликтүү жарандык калкка гуманитардык жардам көрсөтүү чакырыктары жазылган.

Азербайжан Сенаттын бул резолюциясын тааныбай турганын билдирди. Өлкөнүн Тышкы иштер мининстрлиги француз депутаттарынын чечими эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес экенин белгиледи.

Тоолуу Карабак жана ага чектешкен Азербайжандын бир нече аймагы 1990-жылдардан бери армян тараптын көзөмөлүндө болуп келген. Сентябрдын аягында Баку эл аралык укук боюнча Азербайжандын курамына кирген аймактарды кайтарып алуу максатында чабуулдарын баштаган. Ноябрдын башына карата азери армиясы бир нече районду жана Тоолуу Карабактын бир бөлүгүн ээлеп алган. Куралдуу кагылышуунун жүрүшүндө эки тараптан миңдеген адам, анын ичинде жай тургундар да өлгөн.

10-ноябрга караган түнү Азербайжан, Армения жана Орусия Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди толук токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, тараптар ошол күндө ээлеп турган позицияларын сактап калышса, Орусия аймакка эки миңге жакын аскерден турган тынчтык орнотуу күчтөрүн жайгаштырган. Кийинчерээк азербайжан аймагында түзүлүп жаткан мониторинг борборунун ишине Түркия катышып, элдешүү жараянынын сакталышына көз сала турганы белгилүү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: