“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков “Султанбеков Бишкек шаарынын мэриясына кызматка барды” деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“Мен Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев менен жолугуп, шаардын көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкууладым. Ал ар кандай жардамды сурады: биз бардык деңгээлдеги адамдардын жыргалчылыгы үчүн ар кандай жардамды колдон келишинче берүүгө даярбыз.
Журналисттер мэрияга жумушка орношкондугун тактоо үчүн телефон чалышат, жооп: жок. Мындан дагы чоң кызматтар сунушталган, бирок мен баш тарткам, эми парламенттик шайлоого даярданып жатам, бирок элдин жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштегендердин баарына жардам берүүгө даярмын” – деп жазган ал.
Белгилей кетсек, вице-мэр Жамалбек Ырсалиев Темирлан Султанбеков анын кеңешчиси болгонун айткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ