Menu

Атамбаев: Саммитте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы көптөгөн маселелер чечилет

Бөлүшүү:

Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык биримдиктин саммитинде уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы көптөгөн маселелер чечилет. Бул тууралуу президенти Алмазбек Атамбаев «Мир» телеканалына курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчы кандай гана экономикалык биримдик болбосун анын ар бир мүчөсү өз кызыкчылыгын көздөп, айрым учурларда туура эмес ыкмаларга бара тургандыктарын, андай учурлар уюмдардын калыптануу учурундагы баскычтардын бири экенин билдирди. Президент ортодогу маселелерди алсызыраак, кичине өлкөлөрдүн эсебинен же байыраак өлкөнү алдоо жолу менен эмес, адилеттүүлүк менен чечүүгө чакырды.

«Кыргызстандын экономикалык саясаты таптакыр туура эмес болгон. Биздин жетекчилер аймакта алгачкылардан болуп Дүйнөлүк соода уюмуна киргенибизге мактанып келишкен. Чынында башка өлкөлөр ал уюмга эми гана мүчө болуп кирип жатышат (Казахстан – өткөн жылы, Орусия анын мурдагы жылы кирсе, Беларус эми кирип жатат). Анткени бул өлкөлөр өз өндүрүшүн коргоп келишкен, бизде болсо ал кадам менен өндүрүш толугу менен талкаланды. Кезинде бизде спутниктер үчүн тетиктер даярдалып келген. Биздин ошол кездеги жетекчилердин акылсыздыгынан бүт бардыгы, анын ичинде айыл чарба тармагы толугу менен кыйрады. Анткени алар түшүнбөй туруп эле баарын башка өлкөлөрдөн алуу керек деп чечишкен. Нурсултан Назарбаев өңдүү жетекчилер болсо өз кызыкчылыгын, өз өндүрүшүнүн кызыкчылыктарын коргошкон. Жыйынтыгында бизде заводдордо, фабрикаларда, совхоздордо, колхоздордо иштеген адамдар жумушсуз калышты. Ал бүгүнкү күнгө чейин таасирин тийгизип жатат”, – деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчынын айтымында, ЕАЭБге мурда эле кириш керек болчу. “Ошол эле маалда биз дагы Кыргызстан үчүн көптөгөн жеңилдиктерди алууга жетиштик, биринчи кезекте Орусиянын, анын президенти Владимир Путиндин колдоосунун аркасында. ЕАЭБге кошулуп жаткан маалда моралдык да, материалдык жактан да бизге чоң колдоо болгон. Биз азыркыга чейин каржылык жардам алып келебиз. Мына эми казак туугандар да колдоо көрсөтөбүз деп атышат, мен Нурсултан Абишевич сөзүнө турарын билем”, – деди Алмазбек Атамбаев.

Өлкө башчы кыргыз жарандары учурда Орусия менен Казакстандын аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө аларын, мигранттар үчүн шашпай иш издөөгө шарт түзүлгөнүн баса белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: