Menu

Базар-Коргондун Коргон-Жар айылында көлөмдүү жер көчкү жылууда

Бөлүшүү:

Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл аймагына караштуу Коргон-Жар айылында көлөмдүү жер көчкү күн сайын жылып жатат. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде кечки саат 20-30 менен 21-00дө көлөмү 760 миң куб метр жер көчкү жүрүп, Кара-Үңкүр дарыясын бөгөп калган. Анда бир кудай сактап, дарыянын катуу жүргөн нугу жер көчкүнү жарып агып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам жүргүзүлгөн иш чарасынын аркасында Базар-Коргон районунун ылдыйкы зонасындагы айыл-кыштактардан 4 миңге жакын тургундары түн ичинде коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөн. Азыркы мезгилде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин областтык башкармалыгынын адистери аныктагандай Коргон-Жар айылында көлөмү 4 млн. куб метрди түзгөн чоң жер көчкү күн санап 30-50 метрге акырындап жылууда. Эгерде көлөмдүү бул жер көчкү жүрсө Кара-Үңкүр дарыясынын нугу толугу менен тосулуп калуу коркунучу жаралат.

—     Коргон-Жар айылынан 1988-жылы 52 үй-бүлө коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Аларга турак-жайларын салуу үчүн жер участоктору жана мамлекеттик ссудалар кезинде толук берилген. Бирок, ошого карабастан 32 үй-бүлө мал-жандыктарын карашып, кооптуу аймактан көчпөй жашап келишүүдө. Азыркы мезгилде аларды шашылыш түрдө көчүрүп жатабыз,- дейт КРнын ӨКМнин Базар-Коргон районундагы бөлүмүнүн башчысы, улук лейтенант Жеңишбек Матназаров.

Кыргыз Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Айбек Бегимкулов, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдышарип Бекилов, Талды-Булак айыл аймагынын башчысы Кадырбек Акматкулов Коргон-Жар жана Көк-Алма айылдарынын эли менен жеринде жолугушуп, табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча элге атайын кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

—   Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 60 жолу жер көчкүлөр жүрдү. Дагы 400гө жакыны салаңдап көчкөнү турат. Адистер тарабынан кооптуу аймак деп аныкталган жерлерде жашоого такыр болбойт. Өзүнүздөрдүн жана балдарыңыздардын амандыгын ойлоңуздар,- деди эл менен болгон жолугушууда ӨКМнин Жалал-Абад облусттук башкармалыгынын башчысы Адышарип Бекилов.

—  Биздин башкы максат кооптуу аймактарда жашап жатышкан калкты коопсуз жайларга көчүрүү болуп саналат. Азыркы учурда биз биринчи кезекте жер көчкүлөр турак-жайларына олуттуу коркунуч жараткан Коргон-Жар, Жарадар, Кызыл-Суу жана Улачы айылдарынын жашоочуларына турак-жай салуулары үчүн атайын жер участогун трансформациялоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошондуктан ал маселе толук чечилгенге чейин кооптуу аймактардагы үй-бүлөлөр тууган-уруктарыныкына убактылуу жашап туруулары керек,- деди Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов.

—   Табигый кырсыктардын алдын алуу максатында адистер күндүр-түндүр тынбай иштеп жатышат. Өзгөн районунун Ничке-Сай айылындагы жер көчкү бир үй-бүлөдөн алты адамдын өмүрүн бөөдө алып кетти. Мамлекетибиздин башкы байлыгы – бул элибиз болуп саналат. Азыркы мезгилде жашоого болбойт деп эскертүү берилген аймактардан тез арада көчүп чыгууңуздар керек. Бул Сиздердин, үй-бүлөңүздөрдүн коопсуздугу үчүн зарыл,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Өз кезегинде Көк-Алма айылынын тургундары Бекибай Алибаев жана Акимжан Шерматов атайын элден кабар алганы келишкен жетекчилерге ыраазычылыктарын билдиришип, айтылып жаткан маселенин туура экендигин белгилешти. Сактанганды кудайым сактаптыр дегендей өздөрүнүн коопсуздугун биринчи кезекте элдин өздөрү ойлонуусу керектигин ортого ачык салышты. Коргон-Жар айылынын жашоочусу Каныбек Базаркулов учурда 6 үй-бүлө чатырга абдан муктаждыгын белгилеп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин областтык башкармалыгынын башчысы Абдышарип Бекиловдон чатыр бөлүп берүү өтүнүчүн айтты. Жетекчи маселе оң жагына чечилээрин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: