Menu

Роза Отунбаева: “Генпрокурор Жолдубаева экс-Генпрокурор Саляновадан өч алуу максатында Атамбаевдин буйрутмасын зөөкүрчүлүк менен аткарып жатат”

Бөлүшүү:

“Бакиевдин жаман иштерин айтып жүрүп, бүткөндөй деле болдук, бирок, азыр деле ошондой болуп жатпайбы, азыр стабилдүүлүк керек деп канчалаган кишилердин омурткасын сындырып, түрмөлөргө тыгып, журналисттердин гезиттерин, сайттарын, телевидениесин жаап жатышат”, – деп билдирди Роза Отунбаева “Жалбырак” видеоканалына берген интервьюсунда.

“Оппозициянын түрмөдө олтурганы саны боюнча өтө эле көп болуп кетти. Мен деле көрүп, окуп жатам. Оппозициялык маанайдагы адамдар айтып жатышат: “мурун оппозиция абакка мынчалык көп олтурган эмес эле” деп. Жарандык коом да коркуп калгандай. Биз “Кыргызстанда жарандык коом күчтүү” деп айтабыз, бирок алар азыр коркуп калыштыбы же чарчадыбы, үмүтү үзүлдүбү айтор унчукпай, күрөшпөй калышты. Текебаевдин, Салянованын соттору көрсөтүп жатат, сот дегендин ашмалтайы такыр чыгыптыр, сот дегенибиз ушунчалык адилетсиз, закон дегенди кенебеген,  сот саясый өч алуу үчүн буйрутманы аткарып жаткан процесс гана болуп жатат. Салянованын сотун карагылачы, эч кандай мотив жок , кылмыштын бир мотиви болуш керек да, ушуну ушундай кылсам мен мындай пайда табам дегендей мотив  менен кылмыш жасалат, бул иште мотивин айтышпай эле айыптап жатышат. Мурунку генпрокурорду 8 жылга камайбыз деп жатышат. Мен уялып жатам, биз кыздарды чыгаралы деп жатабыз, чоң болсун, чоң кызматтарда иштесин деп, бул болсо мурунку прокурорубуз Аида Саляновага азыркы прокурорубуз Жолдубаевадан өч алуу да, бул да өч керек болсо. Салянова абдан сабаттуу, билимдүү, биз баарыбыз эле укканбыз, Атамбаев айткан “Салянова президент боло турган мүнөзү бар, ошондой натурасы бар” деп айткан болучу. Кыргызстандын баары эле уккан. Азыркы прокурор Жолдубаева мурунку прокурор Салянованын үстүнөн мына ушундай президенттин буйругун ушинтип бир зөөкүрчүлүк менен аткарып атат. Муну кантип түшүнсө болот? Муну эл, коомчулук, баарыбыз эле көрүп турабыз”, – деди Роза Отунбаева.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: