Вячеслав Цой – Өзбекстандын жараны. Ал Кыргызстанга күйөө бала болуу үчүн келген. Анын сүйгөн кызы Катя Бишкекте турат. Учурда ташкенттик жигитке кыздын ата-энеси батасын бере элек. Слава сүйүүсү үчүн Кыргызстанда калып жашоого да даяр. Ысык-суукка кайыл болгон жигит жер алдындагы өтмөктө ырдай баштады. Эки айдын ичинде анын туруктуу күйөрмандары да пайда болду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ