Полиция кызматкерлери таксинин айдоочусун сабап, унаасын айдап кеткен 27 жаштагы Москванын тургунун кармашкан. Бул тууралуу РБК басылмасы кабарлады.
Укук коргоочулардын версиясына караганда, окуя Оружейный кууш жолунда болгон. Анда аял Hyundai үлгүсүндөгү ткаси унаасына түшүп, 52-жаштагы айдоочу менен жол киренин баасы тууралуу сүйлөшкөндөн кийин, аны ур-токмокко алып, унааны айдап качып кеткен.
«Келген тез жардам айдоочу ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алганын аныктаган. Полиция кызматкерлери «Перехват» планын жарыялаган. Оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында уурдалган унаа Ленинград шоссесиндеги үйлөрдүн биринен табылган. Көп өтпөй укук коргоочулар ошол жерде жашаган аялды кармашкан,»- деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ