Menu

Өзбек оппозициялык кыймылынын Шымкенттеги курултайы өтпөй калды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын оппозициялык «Бирдамлик» кыймылынын бүгүн эртең менен Шымкенттеги «Достык» мейманканасында өтүшү керек болгон курултайы болбой калды.

Кыймылдын жетекчиси Баходир Хон Туркистон (Баходир Чориев) кечээ Жамбыл облусунда курултайга катышуу үчүн баратканда аны белгисиз адамдар токтотуп, «Кордай» өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстандын аймагына чыгарып коюшканын билдирди.

«Курултайда «Бирдамлик» элдик-демократиялык кыймылы «Бирдамлик» элдик-демократиялык партиясы болмок. Андан тышкары партиянын жаңы лидерин шайлап, программасын түзүп, иш тартибин аныктоо пландалган. Кечээки күнгө чейин эч кандай тоскоолдук болгон эмес. Бизди токтоткон адамдар эч нерсе айтпастан эле Кыргызстан менен чек арага жеткирип коюшту», — деди ал.

Баходир Хон Туркистондун пикиринде, курултай өзбек бийлигинин кийлигишүү ыктымалдыгына байланыштуу өтпөй калды. Эми ал курултайды Бишкекте отуруп алып, Telegram мессенджери аркылуу онлай өткөрө тургандыгын кошумчалады.

Казакстандын Чек ара кызматы акыркы сутка ичинде өлкө аймагында башка өлкөнүн жарандары кармалбаганын билдирди.

Буга чейин ЖМКлар «Баходир Хон Туркистон Өзбекстандын аймагына кире албастыгын, буга байланыштуу кыймыл курултайды Казакстандын түштүгүндө өткөрүү чечимин кабыл алганын жазышкан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: