Menu

Депутат Дастан Бекешов: “Башка өлкөлөрдө домендин бир жылдык баасы 3$ доллар турат, ал эми Кыргызстанда 60$ же керек болсо, 70$ турат»

Бөлүшүү:

Кечээ, 27-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Дастан Бекешов домендер тууралуу маселени көтөрдү.

Анын айтымында, домен “kg” жеке компаниялар тарабынан берилет.

“Анын баасын алар өздөрү көзөмөлдөшөт. Домендик адрестер менен иш жүргүзгөн ICANN менен өз алдынча сүйлөшүү жүргүзүп, өкмөт домендик зоналарга таасир бере алгандай кылсак болбойбу? «.com» 3$, ал эми, зона «kg» 60$ же керек болсо, 70$ турат», – деди депутат.

Маалымат технологиясынын мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, аталган комитет эки жылдан бери бул маселе боюнча иштеп келе жатат.

Төраганын жообу боюнча депутат ICANN менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү расмий түрдө маалымат берүүнү өтүндү.

Эскерте кетсек, ICANN – 1998-жылдын 18-сентябрында Америка тарабынан түзүлгөн, домендердин аттарын, IP-адрестерин интернет аркылуу тактаган  эл аралык коммерциялык эмес уюм.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: