Menu

Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйбы же Аблязовдун айланасында кимдер бар?

Бөлүшүү:

Чет өлкөгө качкан Орто Азиялык кайсы саясатчы болбосун, ал жактан оңой эле өз досторун таап алат. Анткени «балыкчы балыкчыны алыстан» тааныйт эмеспи. Өзгөчө идеологиялык эмес, саясий себептер менен Европадан жылуу-жумшак орун-очок алгандардын дээрлик баардыгын өз өлкөсүндө өтө кирешелүү кылмыш иштери үчүн олчойгон абак мөөнөттөрү күтүп тургандар. Баарынан кызыгы ал жактан алар жөн жатпай, саясий эркиндик, демократия, адам укугу, мыйзамдуулук деген улуу сөздөрдү кайра – кайра оозанып, өлүмүш кейпин кийишет. Мекенинде жогорку мамлекеттик кызматты ээлеп турган маалында, эл ырыскысын каалагандай жалмап атканда мыйзамдуулук менен демократия дегенге чыйт түкүрүп коюшчу.

Анан да алар чет жактан уурдаган акчасын жөн жебей, акырынан жем жеп жүрчү мурдагы жан – жөкөрлөрү аркылуу ар кандай кайрымдуулук ишин жасамыш этип, буйрутма макала-маектерин чыгартып, бетиндеги көөсүн сүрткөнгө болгон аракетин жасап келишет. Кыргызстандагы ушул сыяктуу көрүнүштөр коңшубуз Казакстанда да орун алган. Мисалы Мухтар Аблязов деген экс-чиновник, банкир бүгүн Европада саясий туткун аталып жүрөт. А казак бийлиги ага БТА банкты башкарып турганда 7,5 миллиард долларды сол чөнтөккө сологон, 4 ирет каржылык алдамчылык кылган деп эл аралык издөөгө салган. 75 млрд деген эмне деген акча? Аблязовдун талапташтары, санаалаштары дагы өзүнөн өтө деле өзгөчөлөнгөндөр эмес. Алардын арасында Аблязов каржылаган оппозициялык гезиттердин башчысы болуп жүргөн Игорь Винявский жана аялы Лана, «Жарандык активдүүлүк» деген фонд менен бийликти коолоп жүргөн М. Кетебаев жана башкалар Европадагы Мукеңдин айтканын ашыгы менен аткаргандар. Албетте, бекер эмес. Баса, казак ММКларында дал ушул Кетебаев Аблязовго таандык «Республика» гезитинин кеңсесин өрттөп, бийликке шылтаган деп жазып келишкен.

Аблязовдун таламдаштарынын катарында албетте туугандары алдыңкы сапта. Алматы шаарынын мурдагы мэри, коррупция боюнча айыпталып жаткан, Европада качып жүргөн Виктор Храпунов Аблязовдун кан кудасы. Анын уулу, Аблязовдун күйөө баласы Ильяс Храпуновду кайнатасына таандык БТА банктын Украинадагы филиалы менен байланышкан күмөндүү иштери үчүн Украина дагы издөөгө алган. Улуу Британияда болсо «Аблязовдун ишине» байланыштуу Храпуновдорго бул өлкөдө катталган мүлктөрүн колдонууга тыюу салган. Виктор Храпуновдун үстүнөн болсо АКШ бийлиги тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ал Аблязов аркылуу АКШда кымбат баалуу мүлктөрдү сатып алгандыгы боюнча териштирүүлөр кызуу уланууда. Ильяс Храпунов Аблязовдун кызы Мадина экөө Борбордук Африка мамлекетинин Женевадагы өкүлү деген дипломатиялык кызматтарга ээ экендиги көпчүлүккө табышмак. Аблязовдун аялынын агасы Сырым Шалабаев Лондондогу териштирүүлөр башталаар замат Литвага жер которгон. Баарынан кызыгы Литва бийлиги Интерполдун өтүнүчү менең Сырым Шалабаевди кармап, көп өтпөй бошотуп жиберген. Бошотуп эле тим болбой кийин баш калкалоого уруксаат берген. Таң калдырганы Литва өлкөсү Аблязов жана анын жакындарына эмнегедир өтө эле гумандуу, достук мамилесин ачык эле билдирип келет. Москванын мурдагы мэри Юрий Лужков бул өлкөгө өтө көп инвестиция жумшагандыгына карабастан, Литва бийлиги ага жарандык берүүдөн баш тарткан.
Шалабаевди төрт мамлекеттин: Казакстан, Украина, Улуу Британия, Россия доосу күч экенине карабай Литва сотунун ага эч кандай дооматы жок экендиги таң калтырды. Лондондун Жогорку соту, сотту сыйлабагандыгы үчүн деп Шалабаевди 18 айга эркинен ажыратканын билебиз. Ошондой эле бул качкындарды эмнегедир Польша дагы жакшы көрөт. Мисалы Аблязовдун жазмакери Игорь Винявский аялы менен, активисти М. Кетебаев саясий качкын макамын алышкан. Аблязовдун «адилетсиз айыпталгандарды коргоо фонду» да бекеринен Польшанын ордо калаасы Варшавада жайгашпаса керек. Дал ушул жерден алар иштеп кеткен, акчаны күрөп кеткен постсоветтик өлкөлөрдөгү саясий абалды бузууга жан үрөп келгенин казак ММКлары тынбай жазып келет.

Бирок жыл өткөн сайын Аблязов акчасын аяп баштадыбы же саясий ишмердүүлүгүнөн жыйынтык чыкпаганына жиндендиби каржылоону кескин азайткан экен. Дал ошол себептен мурунку Аблязовчу жоон топтон азыр бирин-серини эле калган.

Айтор ал тарапташтары деле эл арасында ныпым кадыры жок, өзүнө окшогондор экендиги эч кимге деле жашыруун болбой калды. Баарынан өкүндүргөнү тигилердин өз өлкөсүндө эмне кылып, эмнени жыра тартканын иликтеп – жиликтебей эле саясий туткун, режимдин курмандыгы деген жарлыктар менен коргоп, колдоп жаткан батыштын башчыларына таң каласың.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: