Орусиянын Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельяниновдун кызматтан кетиши өтө өкүнүчтүү болду. Мындай пикирин бүгүн, 1-августта Алмаз Атамбаев Ысык-Көлдөгү маалымат жыйынында билдирди. “Бельянинов Кыргызстан үчүн көп жакшы иштерди жасады. Анын кызматтан алынышы мен үчүн өтө өкүнүчтүү. Бельянинов бай адам. Анын үйүндөгү миллион доллар – анын үй бүлөсү үчүн аз гана акча. Бул алдын ала уюштурулган оюн болду” – деди Атамбаев.
Эске салсак, жакында Орусиянын Федералдык бажы кызматынын башчысы, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Андрей Бельяниновдун кеңесеси менен үйү тинтүүгө алынып, коррупциялык айыптар тагылып, өзү кызматтан алынган. Ага Кытайдан Кыргызстан аркылуу Орусияга контрабандалык жүктөрдү өткөрүп турган деген айып тагылууда.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ