Menu

АКШ элчилигинде Көзкарандысыздык майрамы

Бөлүшүү:

Жыл сайын АКШ элчилиги өткөзгөн 4-июль көзкарандысыздык күнү майрамы бул жылы жаан жааганынан улам, адаттагыдай сыртта эмес, элчиликтин ичинде өттү. Саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаттары, бизнесмен жана коомдук ишмерлерден мен-мен дегендердин баары келди. Тилекке каршы, Сапар Исаков баштаган адат бул сапар дагы уланып, өкмөттүн бир дагы мүчөсү, президенттин кеңешчилери жолошкон жок. Кыргыз бийлигинин атынан куттуктоо сөз Тышкы иштер министринин орун басарынын эле деңгээлинде окулду. Жаңы элчи Дональд Лу сентябрь айына чейин Сенатта талапкерлиги бекитилер замат келип калышы да мүмкүн экен. Элчиликтин кабыл алуусуна катышкан элчилер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк журналисттер Сооронбай Жээнбековдун жетекчилигинде Кыргызстан өнүгүү жолуна түшөөрү боюнча үмүт чоң экенин жашырышкан жок.

Булак: “Жаңы Ордо” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: