Menu

Коомубузга коркунуч жараткан шайтандар

Бөлүшүү:

Гезитибиздин өткөн санында калптын баары калкып чыгарын, адамзаттын аң-сезими тездик менен ачыларын жана жин-шайтан тууралуу жазып түшүнүк берип кеткем. Байкап көрсөңөр, бул процесс тездик менен жүрүп жатканын сезесиңер. Өзгөчө жаштардын аң-сезимдери, кабыл алуусу, түшүнүктөрү өтө кенен. Азыр биз тазалануу жана тандоо мезгилинде жашап жатабыз. Ар бир адамдын өз эрки, кандай жолду тандайт. Ошого карабай аң-сезимди ачууга зор таасирин тийгизген Плутон планетасынын жардамы менен аң-сезим тездик менен ачылып жатат. Азырынча калптын казаны боркулдап “кайнап” жатканы менен бир күнү калптар калкып чыгып, калкка билине баштайт. Бул калптарды жандүйнө энергиясы жогорку деңгээлге жетип калган адамдар азыр деле көрүп-биле баштады. Келечекте адамдын сырткы сөлөкөтүн гана эмес, ички маңызын көрүү, сезүү, билүү касиетине жалпы адамзаты ээ боло баштайт.

Мурда кооз сүйлөп, кур кыйкырык, ач айкырык салгандарга ишенип, эл үчүн “күйгөн” адам катары барктап, көргөн көзүбүзгө, уккан сөзүбүзгө ишенип баа бере турган болсок, эми алардын чыныгы маска артындагы жүзү, ирик-чирикке толгон ички маңызы ачык эле көрүнүп калганын көпчүлүк байкай баштады. Сырттан карап туруп Шайтанга айланган адамдарды көрүп зээниң кейип, жараткандан жардам сурап, ошол пенделер үчүн кечирим сурап, “жүрөктөрүнө ыйман салып, ак жолуңа баштайгөр” дегенден башка  азырынча айла жок.

Ушундай Шайтан мингендер миңдеп саналып, коомубузга коркунуч туудура баштады. Шайтандын шапалагын чабышкандар өзгөчө саясатчылар, байлар (албетте баары эмес). Байлык, бийлик жана эгону “Кара жиндер” башкарат деп нечен ирет жазып, айтып келатабыз. Ошол терс энергиялуу көзгө көрүнбөгөн жандыктар көптөгөн адамдардын көкүрөгүнөн орун алып, көк желкесине минип алганын көрүп зээниң кейийт. Эл алдына чыгып көкүрөктү койгулап, эл үчүн күйүп-бышымыш болуп, бирок керт баштарынын кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылардын эл бузарлардан эмне айрымасы бар. Ушул шайтандарга эми чала молдолор, дин, дил бузарлар ак кызмат кылып шапалак чаап, шапылдап теле-радиодон тескери маалымат берип, баш айландырып жаткандарын угуп-көрүп жаның кейийт. Динди беткап кылып жамынып алып, жандүйнөгө бүлүк салып, жаңыдан аң-сезимдери  калыптанып келе жаткан жаштарга туура эмес маалымат берип, диндин чыныгы маңызын кетирип, “аалым” болуп аңга түртүп жаткандарын карап отуруп, Шайтандын айла-амалына баа бергенден башка сөз таба албайсың. Кийимдин кайсы жери сүрүлүп, сүзүлгөн болсо ошол жери үзүлүп, айрылары шексиз. Ошол сыяктуу адамдын кайсы сапаты терс болсо, ошол жерге Шайтан шап минет да, ошол адамдын оозу менен Шайтан шапылдап сүйлөп, терс жакка сүйрөйт. Ал адам өзү эле ага кызмат кылса, артынан миңдеген адамды ээрчитип, Шайтандын торуна салып берет.

Мындай шайтанга кызмат кылгандар бардык жаш куракта, бардык кесипте бар. Жада калса жаны жогорку катмардан келген делген акын жазуучулардын  арасында да бар экени өкүнүчтүү. Ырларын окуп, тамшанып, кылганын көрүп, “каап…” дейсиң. Ал эми Шайтандын шапалагын чапкан кээ бир журналисттер коомду каалагандай калчап, калпты чындай кылып “чыркырата” жазып, көрсөтүп, акча үчүн атасын сатуудан кайра тартпагандар элдин мээсине жалганды кыттай куюп, өздөрү айткандай коомго “погода” жасап жатышат. Аларды сыртынан карап көрсөңөр, эч кынтык таппайсыңар, коом үчүн күйүп, эл үчүн “эмгек” кылып жаткан экен деп баа бересиңер.

Баарынан кызыгы, чындыкты калп кылып, калпты чындай көрсөтүп жаткан жазмакерлерге ошол байларды, саясатчыларды, бийликти сүйгөндөрдү, алардын оозунан чыккан ар бир сөзүнө ишендирип, ал тургай ар бир сөзүнө акча төлөттүрүп койгон Шайтандын күчүнө таң калбай койбойсуң. Себеби, Шайтан алардын сыртынан эл үчүн ичкен ашын жерге койгон ак жүрөк баатыр, тилинен чаң чыккан чечен, кара кылды как жарган калыс, мээрими төгүлгөн боорукердин бет кабын кийгизип, “ыймандуу” көрсөтүп, бирок ичтеринде иттин өлүгү сасып жатканын көрсөтпөй жымсалдап койгон. Ооба, Шайтан ушундай амалкөй, акылдуу, айлакер, каалагандай формага кубула алган күчкө ээ. “Окшоштук окшоштукту тартат” деген космостун мыйзамы эшегине жараша тушагы, элине жараша саясатчысы, саясатчысына жараша жазмакери болуп элдин мээсин айландырып жатышат. Зээнди кейиткени, булардын кылыгы эмес, калп менен чынды, кара менен акты айра тааный албаган көпчүлүктө болуп жатат. Ар бир адам колу менен кылганын мойну менен тартып, эртеби-кечпи жазасын алат. Эң негизгиси, ар бир адам өз жандүйнөсүнүн камын көрүп, эски доордун мыйзамы мындан ары иштебей турганын, жаңы доорго өтүү үчүн тазалануу жүрүп, Шайтан ар бир адамды сынакка салып, иргеп жатканын билишиңер керек. Көкүрөгү ачык көрөгөч кыргыз эли ушундай заман келерин илгери эле ыр менен айтып кеткен (“Кет бука”, 13-кылым).

Арабызда аң-сезимдери ачылып, жан дүйнөлөрү тазаланып, көзү менен көргөнгө эмес, көкүрөгү менен туйганга ишенгендер толтура. Бирок “көкүрөгү сокурлар” Шайтан жонуна минип башкарып алгандар көбүрөөк болгондуктан, алардын үндөрү угулбай калып жатат. Плутон планетасынын таасири 2024-жылга чейин уланат. Буюрса ага чейин далай адамдардын аң-сезимдери ачылып иргелет. Ошондуктан ар бир адам өзүнүн жандүйнө тазалыгына көңүл бөлүп, көргөнүңөргө же укканыңарга эмес, ички туюмуңарга, сезимиңерге ишене турган заман келди.

Булак: Асман плюс 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: