Кечээ беткапчан адамдар элде “Ахмадбай” деген ысым менен белгилүү болгон ишкер Ахмат Турсунбаевдин кеңсесине кирип келишкен. Ыкчам иликтөө тобу Ташкент облусунун Чиназ районундагы бул имаратты курчоого алган. Адегенде ишкерди кармап, бирок түштөн кийин кое беришкени белгилүү болду.
38 жаштагы Ахмад Турсунбаев өтө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелүүдө. Анын кеңсесиндеги нак акчаны таап, эсептөө үчүн ондогон адам тартылган.
“Азаттыктын” өзбек кызматынын Өзбекстандын укук коргоо органдарындагы өз булагы маалымдагандай, тинтүүнүн жыйынтыгында нак 40 миллиард өзбек суму жана 2 миллион АКШ доллары табылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ