Menu

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Б. Салимжанов Урал бажы башкармалыгынын жетекчиси менен жолукту

Бөлүшүү:

12-август күнү Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы Өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Бообек Салимжанов Урал бажы башкармалыгынын жетекчиси А.Фролов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу тараптардын бажы тармагындагы өз ара мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги боюнча суроолорду талкуулоо максатында уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө Б. Салимжанов Россия Федерациясынын Урал федералдык аймагынын бажы бөлүмдөрүндө учурда кармалып турган кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн тикме товарларын текшерүү иш-чарасын өткөрүүнү тездетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

А. Фролов чет өлкөлүк товарлардын, анын ичинде кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн тикме буюмдарын Урал бажы кызматынын текшерүүсү аркылуу тоскоолдуксуз өтүүнүн негизги шарттары тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун максаттарын  эффективдүү өз ара пайдалуу нукта ишке ашырууга  багыт алуу тууралуу макулдашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: