Европадагы дипломатиянын башчысы Хосеп Боррелл Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.
Европа Бирлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн сайтында жарыяланган билдирүүдө Европа Бирлиги парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жакында жараксыз деп табылгандан кийин президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине көңүл бурганы белгиленет.
“Президенттин ыйгарым укуктары жана милдеттери мамлекеттин эл аралык милдеттенмелерин сактоо менен, анын ичинде мыйзамдуулук, адам укуктары жана негизги эркиндиктер жаатында КР Конституциясынын мыйзамдык чегинде аткарылышы шарт.
Ушуга байланыштуу, президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы тарабынан премьер-министр Садыр Жапаровго Жогорку Кеңештин төрагасы өткөрүп бериши олуттуу суроолорду жаратат, анткени Кыргызстан парламенттик демократия болуп саналат” – деди Боррель.
Ал өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү эл аралык стандарттарга ылайык жана ККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун көзөмөлүндө жаңы, эркин, акыйкат парламенттик жана президенттик шайлоолорду уюштуруу жарандык коомдун толук катышуусу менен конструктивдүү диалогго барууга чакырды.
Европа Бирлиги өзүнүн Борбор Азия боюнча атайын өкүлү жана Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү аркылуу өлкөнүн бардык саясий күчтөрү жана эл аралык коомчулук менен байланышта экендиги белгиленди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ