Menu

Толгонай Стамалиева: “Президент “Эл ырчысы Эстебес” тобу койгон концертке барды”

Бөлүшүү:

Прзеиденттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева өзүнүн Facebook баракчасына 18-январда президент Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы филармониянын чоң залында өткөн “Эл ырчысы Эстебес” тобунун концертине барганын мындайча жазды:

 

“Аймактарды өнүктүрүү, элетте жумушчу орундарын түзүү, бара бара ички миграцияны токтотуу. Натыйжада, балдар кароосуз калбай, ата-эне мээриминде чоңоюусу. Балдарды колдоо жана коргоо. Коомдогу ынтымакты бекемдөө, улуттук баалуулуктарды сактап, улантуу. Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик деңгээлде көздөп, аткарып келе жаткан саясаты.

 

Ал эми бүгүн төкмө акын Аалы Туткучев баштаган “Эл ырчысы Эстебес” тобу тартуулаган музыка, драма, юмор, сатира аралаш кечеси ушул көйгөйлөрдү эки сааттан ашык убакытта көрөрмандарга жогорку чеберчиликте жеткирди.

 

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында аншлаг менен өткөн кечеден алган таасир ушундай. Ал эми Президент Сооронбай Шарипович Аалы мырза жетектеген топтун “аймактарды кыдырып, концертти элеттиктерге тартууласак” деген изги тилегин колдой турганын билдирди.

Мамлекет башчысынын буга чейин Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейине, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрына болгон сапарлары ушундай маданий ишемби менен улантылды”.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: