– Жолдош генерал, биздин күч органдары тарабынан соңку кезде өлкөбүздө терракт уюштурууну каалаган ою бузуктар кармала башташты. Маселен, президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен нааразычылык акциясын өткөрүүнү самаган айрым талапкерлер пландарын ишке ашырышса, терракт уюштурууну көздөгөн ою бузуктар өлкөбүздөгү ошондой кырдаалдан пайдаланып кетишпейби?
– Күч органдары ар дайым андай коркунучтарга даяр болушу керек, ошон үчүн алар ар мамлекетте бар.
– Маселен, президенттикке азыркы бийликтин талапкери эмес, башка талапкер өттү дейли. Мындай шартта камакта жаткан ондогон саясатчылар жаза өтөөдөн бошотулушабы? Айрым талапкерлер «биз жеңишке жетсек, камактагы саясатчыларды чыгарабыз» дегендей иш-аракеттерге өтүшкөнү каңкууланууда. Бул жагынан кандай ой айта аласыз?
– Бул нерсе шайлоодо жеңген талапкердин ал маселеге болгон мамилеси менен байланыштуу жана анын эркинен көз каранды. Анткени, күч органдары азыркы кырдаалда президентке баш ийет. Мисалга алсаңар, коңшу өзбек мамлекетинде бийлик алмашканы канча оппозициячыл маанайдагы туткундар бошонгонун көрүп жатабыз.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ