Menu

Милиция: “Компьютер жарылып, анын кесепетинен өспүрүм каза болду” деген маалымат чындыкка дал келбейт”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-декабрда каза болгон 15 жаштагы өспүрүм компьютердин жарылганынан эмес, үйдөн чыккан өрттөн күйүп калып көз жумган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы бүгүн билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, Кантта компьютер жарылып, анын кесепетинен өспүрүм каза болгону тууралуу жазылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. “Кантта компьютердин жарылышынан өрт чыкты” деген бир дагы факты каттоого алынган эмес. Ал окуянын аныгы такыр башкача. Кечээ, 19-декабрда, Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, 2004-жылы туулган бала жабыркаган. Ал ооруканага жеткирилип, бирок, тилекке каршы, бүгүн, 20-декабрда алган жаракатынан улам көз жумган. Ал боюнча сотко чейинки териштирүү иши башталып, маркум майып болгону аныкталган. Ал кырсык болгон үйдө апасы, чоң энеси жана эки эжеси менен жашаган. Өрт чыккан күнү өспүрүмдүн апасы дагы үйдө болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, өрт электр зымдарынын тийишип кетүүсүнөн чыккан. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: