Бүгүнкү күндө Ош шаарынын СИЗО-5 абагында сот күч менен медициналык мүнөздөгү чара колдонуу чечимин чыгарган 8 киши олтурат, алар Кызыл-Жар айылындагы психооруканага которулушу кажет. Бул тууралуу кыйноолорду эскертүү боюнча улуттук борборунун атайын изилдөөсүнүн докладында айтылат.
Ошондо абакта олтургандар 6,8 жана 9 айдан бери ооруканага которууну күтүп жатышкан экен. Мисалы, 2019-жылдын 24-январындагы Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен1992-жылы туулган М.А. аттуу жаран психооруканага которулган, бирок 10 айдан бери тергөө камагында. Калган 7 жарандын бири 7 ай, бири 8 ай күтүүшүүдө.
“Бардык материалдар боюнча СИЗО-5 абагынын жетекчилиги Кызыл-Жар психооруканасына кат жазып келет, бирок ооруканада орун жок экен”, – деп айтылат докладда.
Жыл башынан бери СИЗО-5 абагынан медициналык мекемеге 17 киши соттук-психиатриялык экспертизага, 34 киши күч менен дарыланууга жөнөтүлгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ