Menu

Мекендин он жети чакырымы…

Бөлүшүү:

Үзөңгү-Кууш менен Каркыраны жана көл боюнан элге белгисиз дагы канча жерибизди эгемендиктин энөө, алкы бузук жана маңкурт мамлекеттик кызматкерлери менен жетесиз жетекчилигинин айынан алдырып жибергенибизге салыштырганда Маймак темир жол станциясынын казак темир жолуна берилгендигинен улам ошол аймактагы он жети чакырым аралыктын да оор абалда экендигин сөз кылбай деле койсок болчудай. Экинчиден, эркиндик, эгемендик, экономика деп ээлигип-жээликкенибиз менен беш жаштагы небере-чөбөрөлөрүбүзгө карыз болуп, уят болуп жатканыбызга деле көнүп бүткөндөйбүз. Эң башкысы, соңку 100 жылдык тарыхыбыздагы Үркүн, Октябрь революциясы, репрессия, согуш жана 2010-жылдын кандуу апрелин Манасты эстен чыгарган Тазбайматтай эле унутуп калдыкпы?

Бала тили балбы же?..

22-июлда «Баластан» студиясында кичинекей бөбөктөрдүн алып баруучунун ар кандай суроолоруна берген жоопторуна жылмайып отурганбыз. Кеп, жакында эле укмуштай жогорку деңгээлде өткөрүлүп, экономикалык жагынан да киреше бергенден тышкары эгемен Россияны да дүйнө жүзүнө кайра тааныткан футболдун дүйнөлүк таймашына жеткенде беш жаштагы перзент кыз жооп бере оозду ачырды, эл караган бетибизди жер каратты: «Кыргыздар спортко анча кызыкпагандыктан футбол чемпионатына барган жок. Анткени, алар акчага гана кызыгат» дегенде каткырган менен нокаутка учураган боксёрдой «сулк» эле жатып калдык. Мына, беш жашар перзентибиз периштелик тазалыгы, баёолугу менен шайлооңо деле, майлооңо деле карабай эртең эмне болуп калам деп камырабай, кайсы бир партияга жан тартпай эле болгонун болгондой айтып койду. Эмне дейбиз… «Заманың бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол» деген бабалардын байыркы лакабына кошулуп, түшүнүгүнө баш иебизби же небере-чөбөрөлөргө оң таасир этчү эмки жүрүм-турумубузду калыптандырып, турмушубузду, таалим-тарбияны оңдоо менен кыргыз ооматын оожалта алабызбы?! Балким, мынчалык Асан кайгыланбай эле эс-тутумга көңүл буруп, эски менен жаңынын жакшыларын пайдаланып, элибиздин каада-салтын жана эл менен бийликтин эриш-аркак адилет, калыс мамилесине басым коюп, башкалардын ар түркүн бастырындысына калбаш үчүн жан үрөө зарылдыр. Ал үчүн азыркы турмушубуздун айрым көрүнүштөрүнөн улам жаралган жана аларга жогоруда айтылган беш жашар бөбөктүн берген жообу да шыкак болгон ойлордон бир-экөөнү эл көңүлүнө салгыбыз келди.

Унутта калган элчилер

Президент Сооронбай Жээнбековдун азыркы дүйнөдөгү үчтүн бири саналган жана эн, байыркы санжыргасы азыркы арышы кең экономикасы менен бирге кылым козгоп жаткан Кытай мамлекетине жасаган 2018-жылдагы эң биринчи сапарынын натыйжасы кандай болорун мезгил таразалаар. Расмий жолугушууларын телерадиодон көрүп, укканыбыз, гезиттерден окуганыбызга, «Манас» операсына суктанганыбызга жана аны койгон кытайлык чыгармачыл жамааттын чакырылышына караганда, кыргыз-кытай тарыхына, тагыраагы, эки элдин ортосундагы элчилик мамилесине көңүл бурулбай калгансыды. Болбосо, мындан дал 260 жыл мурда (1758-жылы) Пекинге жер, чек ара маселеси менен атчан, жөө барган Черикчи, Шербек, Нышаа аталар башында болгон сегиз адамдын элчилик сапары жөнүндө президенттин сүйлөөчү сөздөрүнө, жолугушууларына кошуп койсо ашыкча болбос эле го. Анүстүнө дал ушул сегиз кыргыз элчисин кытай императору тосуп алуу салтанатын чагылдырган колго тартылган түстүү чоң сүрөт Пекиндеги императордун Гугон сарайында тарыхтын таасын күбөсүкатары илинип турса, бул элчилик миссия боюнча көптөгөн маалыматгар дал ошол кытай булактарында жарыяланса, анан да быйыл күздө эки жүз алтымыш жылдыгы экендигин эске алып деле президенттин расмий сапарынын тарыхый көрөңгөсү бар экендигине, дал ушул кытай булактарынын эки миң жыл мурдагыларында кыргыздар жөнүндө жазылгандыгына бир аз эле көңүл бурулганда эки элдин байыркылыгына, теңата мамилесине басым жасалмак. ТИМдин кенебестигиби, президенттик аппараттын билбестигиби же алардын даярдоосуна гана таянган президенттин элебестигиби, айтор, элчилик тарыхыбыздын эл аралык деңгээлдеги маанилүү бир барагы эстен чыгып калды. Айтмакчы, жалпы кыргыз элчилигине арналган Нышаа атындагы паркты Бишкек шаарына түптөйлү деген Асылбаш айылынын демилгеси Роза Отунбаева президент болгондо эле коомчулук менен бирге көтөрүлгөн. Быйылкы жылда кайрадан жаңы президентке да жазылганы менен көңүл жубатарлык жооптон башка шыбыш жок. Болгону, ТИМ мэриядан жер бөлүнсө, элчиликтер менен иштешкенге көмөктөшмөкчү. Ал эми бул маселени чече турган шаар башчы «аялдан, арактан сак болгону менен алкымын тыя албагандыктан» абакка кесилчү абалда калды. «Үч «А» дан Кудай сактасын» деп соңку тапандар жөн айтпаганы, акыркы убакта укмуштай тастыкталып жатканына көнүп да калдык шекилденет.

Акындан аянган алты отургуч

Бишкектеги Алыкул Осмоновдун үй-музейи ачылгандан бери оңдолбогондугу, чатырынын бир бөлүгүн канчалык жамап-жаскалганы менен эки бөлмөсүнө суу өтүп жаткандыгы боюнча Иса Өмүркулов баштаган мэрлерге (2013-жылдан баштап) кат жазып кайрылгандан тажабагандарды соңку мэр Албек Ибраимовдун аппаратындагылар биротоло түңүлттү. «Бишкек-140» мааракесине карата оңдоо иштерине көмөк көргөзүлсө, парктарда алмаштырылып жаткан эски отургучтардан алтоо берилсе, акынга шаардын ардактуу атуулу наамы ыйгарылса деген сунуш-өтүнүчтөр да суу кечпей калды. Алыкул Осмоновдун үйү шаардын жергиликтүү маанидеги тарыхый эстеликтер тизмегинде экендигине, үйү мэрия менчигинде, акын кыргыз поэзиясьшын классиги жана борбор калаа жөнүндөгү терең мазмундуу ондогон ырлардын авторлугуна деле көңүл бурулбай шаардык бийлик жана аткаруу түзүмдөрүнүн бирине-бири шылтаган, оодара салган сооротмо жооп каттарынан башка жыйынтык чыкпаганы таңдантпайт. Демек, мэрия бийлиги деле жогорку президенттик аппараттай эле элдир-селдир иштеп жатабы деген күдүк ойдун толкунуна урунат экенсиң…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: