Menu

Сапар Исаков Жууку капчыгайындагы бактардын кыйылышы боюнча иликтөө жүргүзүп, аны токтотуу тапшырмасын берди

Бөлүшүү:

Сапар Исаков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекетик агенттигине жана Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө ыкчам тартипте Ысык-Көл облусунун Жууку капчыгайындагы, ошондой эле башка корук аймактардагы бактардын кыйылыш фактылары тууралуу маалымат боюнча текшерүү жана комплекстүү иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы Ысык-Көл облусунун Жууку капчыгайындагы токой кыюуну токтотуп, ага мындан ары карай тыюу салууну, мындан тышкары мыйзам бузуучуларга карата катаал чараларды көрүүнү тапшырды.

Өлкөнүн укук коргоо органдарына бактарды мыйзамсыз кыюуга тийиштиги бар жактарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайы биосфералык аймак макамына ээ, анын жаратылышы өзгөчө коргоодо турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: