Арабиялык Consolidated Contracting Engineering & Procurement S.A.L. Offshore (CСЕР) курулуш компаниясынын директору Кауаш Хишам 1-июлда видеокайрылуу жасап, Теңгиздеги окуя үчүн казакстандыктардан кечирим сурады.
«Колумду жүрөгүмө коюп, компания казак туугандарга терең урматтоо менен мамиле жасай турганын билдиргим келет. Болгон окуя үчүн дагы бир жолу кечирим сурайм», – деп белгилеген топ-менеджер.
29-июнда Казакстандын Атырау облусундагы Теңгиз кенинде CСЕР жумушчуларынын катышуусунда жапырт башаламандык башталган. Бул компания мунайды кайра иштетүүчү завод салып жаткан «Теңгизшевройл» компаниясы менен кызматташ.
Кенде иштеген жергиликтүү жана чет элдик жумушчулар мушташкан. Ага Ливия жаранынын колундагы рацияны кыздын оозуна такап түшкөн сүрөтү «WhatsApp» тиркемеси аркылуу тараганы себеп болгон. Жергиликтүү кызматкерлер сүрөт мекендешинин намысына шек келтирди деп эсептешкен.
Мушташта 40тан ашык киши жеңил жараат алганы кабарланууда. Жүздөгөн иорданиялык жана ливандык жумушчулар эвакуацияланды.
Жумуш ордундагы жаңжалга эмгек шарттарынын бирдей эместиги да себеп болгону айтылууда. Нааразылык иш-чарасына жалпысынан 15 миңдей киши катышкан.
Жумушчулар менен Атырау облусунун жетекчилери жана облус прокурору жолуккандан кийин гана чатакты басууга мүмкүн болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ