Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына жана КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейрасмий жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.
Анын алкагында тараптар тар жана кеңири чөйрөдө жолугат. Иш-чаранын маданий бөлүгүндө мамлекет башчылары «Щелкунчик» балетин көрөт дешет.
Сооронбай Жээнбековду коштоп барчулар:
Данияр Сыдыков – КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Жеңиш Разаков- вице-премьер-министр;
Алмаз Кененбаев – КР президент аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
Олег Панкратов – экономика министри;
Азизбек Мадмаров – КР тышкы иштер министринин орун басары;
Болот Отунбаев – Кыргызстандын Россиядагы элчиси;
Алмаз Сазбаков – Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги атайын өкүлү.
Булак: “Айгай-пресс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ