Menu

Жүрөгү алты жолу көчүрүлгөн миллиардер 200 жашка чыккысы келет

Бөлүшүү:

“Биринчи байлык – ден соолук” дейт. Бирок ушу тапта акчаң болбосо ден соолугуң эмес, өмүрүң дагы байлык болуп бербейт. Канчалаган адамдар жанын сактап калуунун айласын таппай, орган алмаштырууга жана башка кымбат операцияларга каражат издеп жүрүшөт. Дарт берсе, шыпаасын кошо берсин деп тилейличи. Ал эми акчаң саман болсо, ден соолукту дагы сатып алса болот экен эй. Ооба, америкалык миллиардер, 99 жаштагы бизнесмен Дэвид Рокфеллерге алтынчы жолу ийгиликтүү жүрөк көчүрүлдү.

Алты саатка созулган жүрөк трансплантациясы Нью-Йорктогу бизнесмендин ээлигиндеги жерде ишке ашкан.  Бейтап мындай операциянын биринчи жолкусун 1976-жылы унаа кырсыгына кабылганда баштан кечирген. Бул ирет операциядан 36 саат өткөндөн кийин миллиардер журналисттердин бир нече суроосуна жооп берүүгө макул болуп: “ар бир жолу жаңы жүрөккө ээ болгон сайын жашоонун деми денемден жүрүп өткөндөй сезим калтырат. Мен жашоонун энергиясын жана кубатын сезип атам”,-деди. Андан көп жашашынын сырын сурашканда: “Мага ар дайым ушул суроону беришет, мен дагы дайыма узак өмүрүмдүн сыры: жашоого болгон сүйүүм, кадимки жөнөкөй турмушта күн кечирип, балдар менен ойноо, өзүмдө болгон нерселерди ырахаттанып пайдалануу, убактымды ишеничтүү, жакшы достор менен өткөрүү деп жооп берем. Мен өмүрүмдө көп акча иштеп таптым, бирок анын басымдуу бөлүгүн башкаларга бердим. Эгерде тапканыңды бөлүшө билбесең, анын берекеси болбойт”,- деген филантроп 200 жашка чыккысы келерин айтып күлдү. Не дейбиз, ден соолугу чың болсун.

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: