Өткөн жумада “Дордой” спорттук клубдун жыйын залында Кыргызстандын олимпиадачылар ассоциациясынын кезектеги шайлоо шарданы өттү. Ассоциацияга мүчө болгон 59 адамдын 49у келип, бир добуштан КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССР спортунун чебери Шаршен Касеновду президент кылып кайра шайлап беришти. Ассоциациянын ишмердиги тууралуу кенен-кесир сөз болду. Коомдук башталыштагы бул уюм билинбеген менен көп жумуштарды аткарып келет. Олимпиада оюндарына ат салыша турган спорттун түрү, андагы спортчулардын камкордугуна эбегейсиз салым кошорун айта берсе сөз түгөнбөйт. Ошол эле учурда олимпиада оюндарында ийгиликке жетишкен атлеттерге да далысын салбастан алар менен биргеликте жолугушууларды уюштуруп, келечек муунга үлгү болуусуна себепкер экенин айтпаса да түшүнүктүү дейли. Мына ушул жасалган эмгектери көмүскөдө калбастан, дагы бир жолу Шаршен мырзаны кайрадан президент кылып шайлап беришти.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ