Жакында акыл-эсинен жабыркаган кыз кош бойлуу экени белгилүү болду. 19 жаштагы кош бойлуу кыз Таластагы акыл-эсинен жабыркаган балдар интернатта тарбияланып жаткан. Бакай-Ата райондук прокуратурасы көзөмөл жүргүзүп жатат. Баары акыры кыздын жабыркаган акыл-эсине такалып жатат. Бул иштин деле айыптуусу табылып, жазасын аларын бир Кудай билет. Айтылып отуруп акыры кумга сиңгендей дайынсыз болуп кетет да. Ал эми ал кыздын эртеңи кандай болот? Кандай бала төрөлөт?.. Жоопсуз талкаланган тагдырлар.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ