Menu

Видео – Тажикстан окуу жайларына видеокөзөмөл камералары орнотулду

Бөлүшүү:

Тажикстандын айрым жогорку окуу жайларында жана колледждеринде видеокөзөмөл камералары орнотулду. Мындан ары медициналык, педагогикалык жана агрардык университтердин мугалимдери жана студенттери тыкыр көзөмөлгө алынат.

Тажик педогогикалык университетинин ректору Носирджон Салиминин айтымында, видеокөзөмөл камералары бир гана окуу жайдын кире беришине эмес, бардык аудиторияларга орнотулду.

«Учурда сабактар кандай өтүп жатканын көзөмөлдөй алабыз жана декандар мугалимдердин ишин мурдагыдай текшерип убара болушпайт. Бир жагынан алганда, эми видеокамераларга жазылган лекцияларды сайтка жайгаштырабыз жана ал баары үчүн жеткиликтүү болот», -деди ректор.

Эн башкысы алар коопсуздукту камсыздоо үчүн орнотулган. Видеокөзөмөл камералары пара алууга дагы бөгөт болору айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: