Menu

Путин Кыргызстанга 2019-жылдын биринчи жарымында келет

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга 2019-жылдын биринчи жарымында келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Коммерсант» гезитине берген интервьюсунда билдирди. Ал министрликке келгенден кийинки алгачкы иш сапарын Москва шаарына жасап, орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолуккан.

Анда ал эки тараптуу иш сапарлары тууралуу сөз болгонун, Путиндин Кыргызстангажасай турчу сапары жөнүндө пикир алышышканын айтты. Ошондой эле Лавровду Бишкек шаарына расмий визит менен келүүгө чакырган.

Эске салсак, мурунку Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Путин Кыргызстанга быйыл келерин айткан. Кийинчерээк министрликтин маалымат кызматы Орусия лидери кийинки жылы келерин кабарлады.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: