Menu

Тажикстан Сириядан дагы 575 жаранын алып келүүгө даярданууда

Бөлүшүү:

Тажикстандын бийлиги Сириядагы качкындар лагерлеринде кармалып турган тажик аялдар менен балдарды мекенине кайтарууга даярданып жатат. Бул тууралуу 5-октябрда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өткөн жуманын аягында тажик дипломаттары Сириянын жогорку кызмат адамдары менен жолугуп, андагы тажик жарандарынын тек-жайын аныктоо жана мекенине кайтарууга байланышкан маселелерди талкуулашты.

Быйыл май айынын башында Сириядагы качкындар лагеринде кармалып турган 34 тажик аял мекенине кайтууга жардам берүү өтүнүчү менен Тажикстан ТИМине кайрылышкан. Алар ар биринде бирден бешке чейин баласы бар экенин билдиришкен.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, учурда Сириядагы качкындар лагерлеринде аялдар жана балдардан турган кеминде 575 тажик жараны бар. Алардын көбү Хасакия провинциясындагы «Аль-Хол» лагеринде жашап жатышат.

— Болжол менен алардын 90нун аялдар, 200дөн ашыгын кыздар жана калганын балдар түзөт. Балдардын көбү томолой жетим. Бул акыркы маалымат эмес, андагы тажик жарандарынын саны мындан да көп болушу мүмкүн, — деп билдирди тажик өкмөтүндөгү өз булак.

Анын айтымында, лагерге тажик жарандары башка «ИМ» жоочуларынын үй-бүлө мүчөлөрү менен чогу быйыл Багус аймагы террорчулардан бошотулгандан кийин жеткирилген. Жалпысынан «Аль-Хол» лагеринде 70 миң адам кармалып турса, алардын 10 миңге жакыны чет өлкөлүк жарандар.

Быйыл жазында Тажикстан Ирактагы согуш талааларында курман болгон жарандарынын 84 баласын мекенине алып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: