Menu

“Кыргызстан сулуусу – 2019” сынагы башталды. 5 миң доллардык таажыны ким утат болду экен?

Бөлүшүү:

“Кыргызстан сулуусу – 2019” сынагынын жарым финалы кечээ, 5-октябрда башталды. Конкурстун  уюштуруучусу, “2017 — “Кыргызстан сулуусу” титулунун ээси (“Дүйнө сулуусу — 2017” сулуулар конкурсуна жолдомо алып, бирок Кытайдын Бишкектеги элчилиги виза берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу бара албай калган – авт.), модель Бегимай Карыбекова. Ал конкурс башталаардын алдында маалымат жыйын өткөрүп, конкурска жети облусттан келген кыздар катышып жатканын, конкурска куурчактай болгон сулуу кыздар эмес, акылдуу, билимдүү кыздар катышып жатканын айтып, аларга ийгилик каалоо менен бирге 5 миң долларга жасалган таажы жөнүндө да айтып өттү. “Быйыл биздин зергерлер таажы жасоо боюнча катуу эмгектеништи. Ал алтын менен күмүштөн жана алты лаал (рубин) менен көркөмдөлгөн. Таажыда кыргыздын улуттук оймолору пайдаланган, бул дагы дагы бир өзгөчөлүгүнө кирет. Бул зергер буюмдун болжолдуу баасы – 5 миң доллар”, – дейт Карыбекова.

Аталган конкурстун финалы 12-октябрда Sheraton мейманканасында өтөт. Ага бүгүнтөн баштап билеттер сатыла баштады, билет баасы – 1500 сом.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: