Menu

Сапар Исаков «Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 10-январда, «Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн бир катар адамдарга өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. Бул туралуу Өкмөттүн расмий сайтында айтылууда.

Өкмөт башчы кыргыз элинин маданий салттарын, «Манас» эпосун сактоо, ошондой эле аны иликтөө үчүн зарыл шарттарды түзүү ар дайым өлкөнүн мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары эсептелээрин баса белгиледи.

«Сиздерге «Манас» эпосун жайылтуу боюнча демилгеңиздер үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет, бул жалпыбыз үчүн абдан маанилүү иш. Өкмөт сиздердин демилгеңиздерге бардык зарыл колдоо көрсөтүүгө даяр. Жаңы жылда сиздерге жаңы чыгармачылык ийгиликтерди жана бакубаттыкты каалайм», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр кошумчалагандай, бүгүнкү күнгө карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан «Манас» эпосун мындан ары өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча бир катар иш-чаралар пландаштырылган.

Алсак, улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, кыргыз элинин рухий жана маданий баалуулуктарын сактоого жана чыңдоого, Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

Ибраев Саматбек Кулукеевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси, «Саякбай манасчы» эл аралык фондунун президенти;

Аманова Кундузкан Козубаевна – КТРКдагы «Манас таануу» теледолбоорунун продюсери;

Окенова Ырыскүл Океновна – КТРКдагы «Манасчы» теледолбоорунун жетекчиси;

Орозобекова Жылдыз Калмашевна – манас таануучу, профессор;

Урмамбетов Догдурбай Үсөнович – музыкант, «Саякбай» ырынын музыкасынын автору;

Эгембердиева Аида Абдыжапаровна – акын, «Саякбай» ырынын сөзүнүн автору.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: