Menu

Балыкчы шаарынын окуучулары укуктук сабаттулугун жогорулатууда

Бөлүшүү:

Ысык-Көл областындагы Балыкчы шаардык сотунун төрайымы Чинара Мамбетова  жана өспүрүмдөрдүн  иштери боюнча жергиликтүү координациялык кеңештин мүчөлөрү Балыкчы шаарынын В.И.Ленин, Л.Н.Толстой жана А.С.Макаренко атындагы орто мектептеринин 10-11-класстарынын окуучулары менен жолугушту. Бул туурасында Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы Г. Аширбаева билдирди.

Бул иш чаралар  жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу  максатында өткөрүлдү.

Жолугушууда жергиликтүү координациялык кеңештин мүчөлөрү окуучуларга Кыргыз Республикасынын сот системасы,  өспүрүмдөрдүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө  лекция окушту. Ошондой эле ювеналдык юстиция жөнүндө түшүнүк берип, окуучулардын тема боюнча узаткан суроолоруна жооп беришти.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып лекторлор окуучуларга ийгиликтерди каалап, өлкөбүздүн мыйзамдарын бек сактап, урматтого чакырышты.

 

Иш чарага Балыкчы шаардык сотунун төрайымы Чинара Мамбетова, өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекциянын улук инспектору Назира Касымалиева, Балыкчы шаарынын өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү Турдубек Омургазиев, Руслан Султанбеков жана Балыкчы шаардык мэриясынын өкүлү   Адилет Калыков жана башкалар катышып, мындай жолугушуулар жаштар үчүн керектүү жана пайдалуу болоорун белгилешти.  Ал эми Координациялык кеңештин мүчөлөрү мындай  иш-чараларды жакынкы айларда Балыкчы шаарынын калган 7 мектептеринде дагы  өткөрүүнү чечишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: