Menu

Парламент Текебаев боюнча депутаттык комиссия түзбөй турган болду

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышына байланыштуу өзүнчө депутаттык комиссия түзбөй турган болду.

Бул окуяга байланыштуу маселелерди буга чейин аталган фракциядан депутаттар Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иштер боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын алкагында кароо чечими кабыл алынды.

“Ата-Мекен” фракциясынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов бүгүн парламент жыйынында Башкы прокуратура менен УКМКнын маалыматын угуп, Текебаевдин иши боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун келтирген.

Бул арада “Ата Мекен” партиясынын митингдери Өмүрбек Текебаевге байланыштуу сот процесстери башталганда кайрадан уланары белгилүү болду.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова билдиргендей, 2-мартта митинг болбойт деген чечим кабыл алынды. Мындай чечимге аба ырайы өзгөрүп, күн сууктай баштаганы да себеп болду.

Орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде коррупцияга шектелип кармалган Өмүрбек Текебаевдин камалышын анын тарапкерлери саясий куугунтук деп атоодо. Ал эми кылмыш ишин козгогон Башкы прокуратура жана тергөө жүргүзүп жаткан УКМК Текебаевдин күнөөсүн далилдеген материалдар бар экенин айтууда.

Текебаевдин тарапкерлеринин митинги ал камалган түнү, 26-февралда башталган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Анын адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: