Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот- укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Ысык-Көл аймагындагы аты жок чокуга Апрель элдик револциясынын баатырларынын ысымын ыйгаруу демилгесин дароо эле үч окууда жактырды. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Тескей Ала-Тоо тоо кыркасындагы бул чоку 4142 метр бийиктигинде жайгашкан. Ага Апрель элдик революциясынын баатырларынын ысымын ыйгаруу демилгесине баардык парламенттик фракциялар макулдук берген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ