Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 1 сутка ичинде 195 бейтап кайрылган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-февраль күнү билдирди.
Алардын ичинен 114ү жаш балдар. Кайрылгандардын 62си ооруканага жаткырылган, алардын 41и жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 19 адам кайрылса, 11и ооруканага жаткырылып, 8 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 45 адам кайрылган, алардын 17си ооруканага жаткырылып, 28 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ