Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын президенти Гүрбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын башчысын жана жалпы элин келе жаткан Жаңы Жыл майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчылар 2018-жылы Сооронай Жээнбековдун Түркмөнстанга болгон мамлекеттик сапарынын натыйжасында жетилген келишимдерди реализациялоо тууралуу сүйлөшүп, 2019-жылга карата эки тараптык кызматташууну активдештирүүнү белгилешти.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ