“Адилет” укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова: “Бийлик бизге көңүл кош мамиле кылып жаткандыгынын негизги себеби, биз бирдиктүү күчкө айлана албай жатабыз. Кечээ бири-бирин жек көргөн, сындап жүргөн адамдар бүгүн жанаша отурушат. Саясат деген бул токтобогон күрөш. Азыр саясат ачык болбой калды. Бардыгыбыз бири-бирибизден күмөн санап, бизди угуп калбасын деп “шыбырашып” сүйлөшүп калдык», – деген пикирин өңчөй бийликке нааразы болгон аткаминерлер чогулган тегерек столдо айтып чыкты.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ