Menu

Орусияда өзбекстандык төрт жаштагы баласын өрттөп жиберди

Бөлүшүү:

Челябинск облстук соту 30-октябрда төрт жаштар баласын тирүүлөй өрттөп, өзүн жана чогуу жашаган түгөйүн өлтүрүүгө аракет кылган өзбекстандык кишиге карата өкүм чыгарды.

Маалыматтарга караганда, 31 жаштагы Бахром Дадаханов жарандык никедеги аялы менен урушуп кетип, короодо токтоп турган автоунаадан бензин куюп алып, майды өзүнө жана үйдүн ичине чачып, ширеңке тутанткан. Өрт чыккан соң Дадаханов түгөйү менен тышка чыгууга үлгүргөн, бирок баласы үйдүн ичинде калып, мерт болгон.

Алдын ала тергөө маалында Дадаханов өрт үчүн күнөөнү башка адамдарга арта салууга аракет жасаган. Бирок анын версиясы четке кагылып, өзбекстандык жаранга карата айыптоочу өкүм чыккан.

Бахром Дадаханов 19 жылга эркинен ажыратылды, ал жазасын катаал режимдеги колонияда өтөйт.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: