КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 28-сентябрдагы жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан төмөнкү ишенимдүү адамдарды каттоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу КР БШК маалымат бөлүмү билдирди.
Алар:
1. Амираев Назар Бакытбековичти;
2. Арзибаева Динара Амирбековнаны;
3. АшымовДастан Алмазбековичти.
Чечим жарандардын кат түрүндөгү арыздарынын жана “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ