Menu

ЖМК: Рамзан Кадыров коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды

Бөлүшүү:

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Baza жана «Интерфакс» агенттиктери өз булактарына таянып кабарлашты. Азырынча бул маалыматты расмий органдар ырастай элек.

«Интерфакс» Рамзан Кадыров учак менен Москвадагы ооруканалардын бирине жеткирилгенин жазды. «Кадыров коронавируска шектелип жатат, азыр ал медиктердин көзөмөлүндө», — деп билдирген агенттиктин булагы.

«Базанын» маалыматына караганда, Кадыровдун өпкөсү сезгенген. Алгач ал ооруп жатканын билдиргенде суук тийген болушу мүмкүндүгү айтылган. Бирок акыркы күндөрү абалы кескин начарлап кеткен.

Орусиянын башка аймактарына салыштырмалуу Чеченстандагы карантиндик чаралар кыйла катаал. Республикада коменданттык саат киргизилип, коомдук транспорттор токтогон. Мындан тышкары Орусиянын башка облустарынан адамдардын кирүүсүнө тыюу салынган.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын маалыматы боюнча Чеченстанда 1 миңден ашык кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: