Menu

Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө буйрутма берген Адем аттуу адам киллерлерге $100.000. убада кылган

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-июнда кытайлык ишкер Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын корутундусу каралууда. Баяндаманы депутат Талант Мамытов жасады.

Талант Мамытов кылмыш иши боюнча УКМК тарабынан тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

“Түркиянын укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Саймаитинин өлүмүнө шектүү катары өздөрүн Абдуллах Энвен, Хусейин Ахметалиев, Нурмахаммад Арифонов жана Ализбек деп атаган жарандар суракка алынган,” – деп билдирди Талант Мамытов.

Депутат Айэркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалган жарандардын Түркиянын укук коргоо органдарына берген көрсөтмөлөрүнүн кээ бир бөлүгүн окуп берди.

“Абдуллах Энвен 2019-жылдын 14-ноябрында Түркиянын компетенттүү органдары тарабынан суракка алынганда, ал өзүн 1994-жылы Өзбекстанда төрөлгөнүн, Саймаити менен мурда тааныш эмес экенин айткан. Ал 2013-жылы Өзбекстандан Түркияга келип, андан кийин Сирияга кеткен. Ал жакта 5 жыл жашап, курал колдонуу боюнча машыгуулардан өткөн. 28 жаштагы өзбек улутундагы Адем аттуу адам менен таанышып, ал ага Саймаитинин сүрөтүн жана автоунаасынын номерин берип, Хусейин Ахметалиев аттуу адам менен жолугушууну айткан. Адем жол кире катары 1,5 миң АКШ доллар берип, Саймаитини өлтүргөндөн кийин аларга дагы 100 миң доллардан берилерин айткан. Ал Сириядан Стамбулга келип, Хусейин Ахметалиевге жолуккандыгын, Адемдин адамы ага кара түстөгү тапанча бергенин, Хусейин экөө Саймаитин жашаган жерин изилдеп башташкандыгын, 2019-ж. 13-ноябрда Саймаитини өлтүрүү максатында ал Хусейин экөө мейманканага барышканын, саат 19:00дө мейманканын астында Саймаитинин тамактанып жатканын көрүп, ал  Саймаитини бир нече жолу тапанча менен атып өлтүрүп, окуя болгон жерден качып кеткенин айткан” – деди Талант Мамытов.

Депутат ошондой, мындай көрсөтмөнү Хусейин Ахметалиев да бергенин кошумчалады.

Ал сурак берип, Хусейин Ахметалиев 1991-жылы  Ош шаарында төрөлгөнүн, 2013-жылы Түркияга Россия аркылуу келгенин айткан. Ал Саймаитини Абдуллах Энвен өлтүргөнүн, андан кийин экөө качып кеткенин айткан.

Нурмахаммад Арифонов сурак берип, 1989-жылы төрөлгөнүн, КРнын жараны экенин айткан. Окуя боюнча эч нерсе билбегенин, болгону тууганы Ахматалиев келип, ага баштык берип, аны ачпай сактап турушун суранып, бир сааттан кийин алып кетем деп айтканын билдирген. Кийин укук коргоо органдары келип текшергенде, баштыктын ичинде тапанча болгонун айтып, Саймаити менен мурда тааныш болбогонун айткан.

Төртүнчү шектүү 1993-жылдын 1-январында туулганын айтып, ал болгону “Тойота” үлгүсүндөгү автоунаасы менен тиешелүү жерге жеткиргени тууралуу көрсөтмө берген.

“УКМКнын маалыматына ылайык, мындай ысым менен биздин өлкөдө жарандар катталбагандыгы жана биздин тийиштүү органдар тарабынан паспорттор берилбегендиги аныкталган” – деп билдирди Талант Мамытов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: