Бүгүн, 22-сентябрда Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүндө айылдык чогулуш болуп, анда тургундар ынтымакка жана тынчтыкка чакырылды. Бул тууралуу айыл өкмөтү журналисттерге билдирди.
Жолугушууда айыл тургундарынын элдешүүсү болду.
“Жалпысынан абал туруктуу. Бир-экөө спирт ичимдиктерин ичип, уруш чыккан. Башкалары бул жаңжалга кошулушкан. Катышуучулардын айрымдары жеңил жаракат алышты. Жолугушууда биз айыл тургундарын биримдикке жана тынчтыкка чакырдык” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Ата районунда массалык мушташ болуп, алты адам ооруканага түшкөнү айтылган.
Бул окуя боюнча Чүй ОИИБнын басма сөз кызаты билдирүү таратып, Ысык-Ата районунда массалык мушташ болбогонун, жаңжал ал мас абалдагы кошуналардын түшүнбөстүгүнөн улам келип чыкканы билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ