Menu

Алмазбек Атамбаевдин камакта жаткан жан сакчысы Канат Сагымбаев билдирүү жасады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш окуясына байланыштуу камакта жаткан жан сакчысы Канат Сагымбаев кезектеги билдирүүсүн жасады.

Ал жазган катында бийликти 2019-жылы 7-августта Кой-Ташта Атамбаевдин үйүнө кол салуу учурунда тартылган видео жазууларды жок кылган деп айыптайт.

“2019-жылдын 7-августунда экс-президент Алмазбек Атамбаевди күч менен кармап келүүгө багытталган атайын операция уурунда “Альфа” атайын кызматынын кызматкерлери короого кирер замат күзөт бөлмөсүнө кирип, үйдүн айланасындагы камералар тарткан видео сакталуучу дисктерди алып кетишкен. Кеч киргенде ал бөлмөнү да өрттөп жиберишкен. Мыйзамсыз кыймыл-аракеттерин жаап-жашыруу максатында ушундай кадамга барышкан” – деп жазат Канат Сагымбаев.

Сагымбаев ошондой эле “Альфанын” командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбеков учурда сот процессинде күбө болгон офицерлердин бирине операцияны дрон менен видеого тартууну буйруган деп белгилөөдө.

“Ал тасма Кой-Таш окуясы боюнча иштин материалдарына тиркелиш керек эле. Бирок, табышмактуу түрдө видео сакталбай калган” – дейт ал.

“Штурмга катышкан “Альфанын” 55 кызматкеринин бардыгынын каскасында видеорегистратор болгон. Соттук териштирүү учурунда жабырлануучу-күбө катары өтүп аткан, жада калса качып кеткен альфачылар да каскасын жоготуп, видео сакталбай калганын айтышып, жалган көргөзмө берип жатышат” – дейт Сагымбаев.

Сагымбаев атайын күчтөр өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринин видеолорун жана Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнүн чыныгы жагдайларын жаап-жашырып жатат деп эсептейт.

Канат Сагымбаев обвинил власти в уничтожении видеозаписей в день штурма дома Атамбаева

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: