Menu

Тажикстанда Рахмон тууралуу пьеса жазылды

Бөлүшүү:

Тажикстан Маданият министрлигинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Абдугаффор Абдужаббордун «Назаркарда» аттуу пьесасы жарык көрдү. Миң нускада басылып чыккан чыгарманы “Кудай тандаган киши” деп которсо болот.

Эмомали Рахмон тууралуу пьеса 15 сценадан турат. Драмалык чыгарманын каармандары –Нур-аксакал, Акын менен Периште, президенттин энеси жана анын үй-бүлөсү. Пьеса жарандык согуштан башталат.

Автор Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангандан кийин жарандык согушту токтотууга, тынчтыкка жана элдин биримдигине үндөгөн Рахмондун мистикалык образын жараткан. Пьесада Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельцинге дагы орун берилген.

Чыгармада президент Эмомали Рахмон дайыма Периште менен кеңешип, өзгөчөлүгү менен Кудайдын көңүлүн өзүнө бурдурат. Пьеса мамлекет башчынын БУУнун тирбунасындагы сөзү менен жыйынтыкталат.

Буга чейин ички иштер министри Рамазон Рахимзода Рахмон тууралуу ырдын сөзүн жазган. Чыгарманы өлкөдөгү белгилүү ырчылар аткарып чыгышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: