Кечээ, 1-июнь күнү саат 06:23 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен бир адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган окуя Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 175-чакырымында болгон. Суусамыр өрөөнүндө “Nissan Primera” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жолдун жээгинде токтоп турган “Renault Master” унаасы менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 3 адам жаракат алган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.
Кийинчерээк Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы кошумчалагандай, алдын-ала алынган маалыматтар боюнча “Nissan Primera” унаасынын дөңгөлөгү жарылып, натыйжада айдоочу рулду башкара албай калган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ