Menu

Өзбекстандын мурдагы баш прокурору 18 жылга абакка кесилди

Бөлүшүү:

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору жана Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Ихтиёр Абдуллаев 18 жылга абакка кесилди.

Өлкөнүн Аскер соту Абуллаев жана алар түзгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата өкүмдү 27-сентябрда чыгарды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Ихтиёр Абдуллаев кызмат абалынан кыянат пайдалануу менен кылмыштуу биримдикти уюштурууга, пара алууга, Өзбекстандын кызыкчылыгына каршы соодалашууга, кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн ири суммада бажы мыйзамдарын бузууга жана башка кылмыш иштери боюнча айыптуу деп табылды.

Мындан сырткары Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы орун басары Жахонгир Игамов 16 жылга, аталган кызматтын мурдагы кеңешчиси Алишер Ишанхожаев 17 жылга, баш прокурордун мурдагы орун басарлары Ёркин Абдуллаев 14, Гайрат Хидоятов беш, Юстиция министрлигинин кадрлар менен иштөө башкармалыгынын мурдагы орун басары Юсуфбой Хожаев сегиз, Жогорку соттун төрагасынын мурдагы орун басары Бохадир Дехканов беш жылга абакка кесилишти.

Наманган облусунун мурдагы прокурору Улугбек Тошиев беш жылга эркинен ажыратылып, белгилүү бир убакытка чейин жогорку кызматтарга иштөө укугунан ажырады. Мындан сырткары дагы 15 айыпталуучуга кылмыштын оордугуна карата ар кандай жазалар берилди.

53 жаштагы Ихтиёр Абдуллаевдин камакка алынганы тууралуу быйыл февралда «Озодлик» радиосу жазып чыккан.

Абдуллаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы болуп 2018-жылы январдын аягында дайындалган. Ага чейин башкы прокурор жана президенттин мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген. Кызматтан “ден соолугуна байланыштуу” ушул жылдын февраль айында алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: