Menu

Кооптуу “Коопсуз шаар” коркунучу…

Бөлүшүү:

“Коопсуз шаар” долбоорунунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерди Кытай компаниясынын күмөндүү жагдайда утушу, маалыматтык коопсуздук сизди кооптондурбайбы?

Жылдызбек Рысманбетов, айдоочу: “Дагы кандай азапка салышаар экен деп санаа тартып жатам”

– Албетте, кооптондурат. Барынан да биринчи орустардын фирмасына уттуруп, элге айып пулдарды ченебей салдырып, элдин жонунан кайыш тилгенге барабар иш кылышкан. Эми коопсуз шаар долбоорунун экинчи этабын Кытай компаниясына уттурушту. Орустардын диктовкасы менен айлык акыны эске албай ири көлөмдөгү айып пулдарды салышса, эми Кытайлардын айтканын аткарабыз деп элди дагы кандай азапка салышаар экен деп санаа тартып жатам. Кыргызстандын машине жүргөн көчөлөрүнөн бери бирде кытайлар, бирде орустар көзөмөл кылып, коопсуздугубузга шек келбейби деп ойлонуп жатам.

Тынчтык Асанбеков, айдоочу: “Камера орнотуу менен Кыргызстанды көзөмөлдөөнү колго алышат”

“Коопсуз шаар” долбоору деп элдин чөнтөгүн кагышты. Болушунча карапайым элдин акчасын алышты. Бирок ал долбоорду акчасы жок эле орустардын «Вега» компаниясын утуучу кылышканын, алар айып пулдун эсебинен камераларды орнотуп жатканын кыйыткан маалыматтар да жок эмес. Айтайын дегеним, мындай долбоорлордо башка мамлекеттен келген компанияларды тендерден уттуруу максат болбош керек. Анткени алар камера орнотуу менен Кыргызстанды көзөмөлдөөнү колго алышат. Келечекте ошону милдет кылып, биздин бийлик айткандарына көнбөсө маселе жаратып коёрун айтып коркутушу мүмкүн. Ошон үчүн акыл калчап иш кылышыбыз керек.

-Зайырбек Канатбеков, айдоочу: “Бул долбоордон кооптончу маселе жаралабы деп кооптоном”

– Эгер кинолордо орун алган жагдайлар чындыкка жакын болсо, анда Кытайдын компаниясы Кыргызстанда коопсуз шаар долбоорун ишке ашырууга жөн эле кызыкдар болуп жаткан жок. Алар ушул долбоор аркылуу Кыргызстанды көзөмөлгө алууга аракет кылып жатат. Ошон үчүн бул долбоордон кооптончу маселе жаралабы деп корком. Кытайлар коопсуз шаар долбоорун ишке ашырымыш болуп, өздөрүнүн кызыкчылыктарын ишке ашырып коёбу деп кооптоном.

Эрлан Сапаралиев, айдоочу: “Маалымат коопсуздугунан жана коопсуздугубуздан кооптоном”

– Маалымат коопсуздугунан жана коопсуздугубуздан кооптоном. Мындай долбоорлорду башкаларга эмес, кыргыздарга деле жасоого мүмкүнчүлүк беришсе болмок деп ойлойм. Өзүбүздүн колубуздан эч нерсе келбей калгансып, кошуна мамлекеттердин эле көзун карап отурабыз. Кен байлыктардын баарын чет элдик компанияларга берип не таптык? Жок дегенде маалымат коопсуздугун, мекенибиздин коопсуздугуна маселе жаратчу долбоорлорду кыргыздарга жасатканды үйрөнсөк жакшы болот эле.

Азат Үсөнөв, айдоочу: “Кытай компаниясынын азабын тартабызбы деп коркуп жатам” 

– Коопсуз шаар деп айып пулдарды өтө жогору коюп элдин назарынан калышты. Эми өкмөт ал катачылыгын оңдосо экен деп күткөн сайын ана-мына деп маалкатып, айып пулдарды төмөндөтүүнү кечиктирип жатышат. Такси менен жан баккандарга убал болду. 100 сом табабыз деп, 3000 сомдук айып пулга кабылганын айтып кейип жатышат. Орустардын компаниясы ишке ашырган долбоордун азабын тартып, жок жерден мамлекетке төлөмөр болуп жатсак, эми коопсуз шаар долбоорунун экинчи этабын тендерден утуп алган Кытай компаниясынын азабын тартабызбы деп коркуп жатам. Биздин алсыз өкмөт алар айткан шартка көнбөй, элдин таламын талашканга күчү жетпесе керек. Алар не десе, ошону аткарып, элин эзеби деп кооптонуп жатам.

Садыкова Назира, айдоочу: “Элдин нааразычылыгы күчөп, бийликке баш оору жаратышы мүмкүн”

– Коопсуз шаар долбоорун шашып ишке киргизгенден мурун жол эрежелерин тактап, оңдоп коюшса болот эле. Анткени кээ бир жол эрежесин көрсөткөн белгилер талаш маселе жаратып калган учурлар арбын. Ошолордун баарын талапка жооп бере турган кылып анан айып пул төлөй турган кылышса болмок. Бул бир. Экинчиси, айып пулдун көлөмү эл ала турган айлык акынын көлөмүнөн бир канча эсе көп. Ошону эртерээк төмөндөтүшсө жакшы болот эле. Бул долбоорду эртерээк эпке келтирип айып пулдарды азайтпаса элдин нааразычылыгы күчөп, бийликке баш оору жаратышы мүмкүн.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: